Жаш бала тамакты жакшы жебесе эмне кылган туура?
07-баш оона, 2019-ж // //Тамактануу-бул баланын аң-сезиминин өсүп-өнүгүүсүнө зор салым кошокон элемент. Өзгөчө балдарга бир жылга чейин туура, витаминдүү тамактануусуна ата-энелер көңүл бөлүшү шарт. Ал эми бир жаштан соң, балдардын салмак кошуусу жана боюнун өсүүсү сөзсүз түрдө педиатрдын көзөмөлүндө болгону жакшы.
Витаминдүү азыктар балага толук берилбегенден улам, анын организмини үзгүлтүккө учуроосу мүмкүн.
Адиске убагында кайрылуу
Эгерде балаңыздын табити аз күн мурун эле жакшы болуп, кийин табитинин бузулганын байкасаңыз, дароо керектүү адистерге кайрылыңыз.
Бала өзү нарагынан тамакты аз жеши мүмкүн
Баланын ашказаны өтө эле кичине болот эмесби. Ошол сыяктуу алар салмакты дагы акырындан кошот. Эгерде балаңызда физиологиялык көрсөткүчтөр норма болсо, анда сиздин санаага батышыңыздын кажет жок.
Баланы күчкө салып тамактандыруу
Айрым балдардын аз тамак жегени, алардын ата-энеси үчүн субьективдүү көрүнүш катары сыппатталат. Адистердин айтымында, баланы күчкө салып тамактандыруу туура эмес. Себеби, балада тамакка болгон табит ансайын жоголушу мүмкүн.
Бала тамактанып жатканда оюндар менен алаксыткан туурабы?
Эгерде сиз балаңызды ар кандай оюнчуктар, музыка, мультфильм жана оюндар менен алаксытып тамактандырсаңыз, бул көрүнүш туура эмес. Негизи баланы кичинесинен тынч бир жерде отуруп, тамактанганга үйрөткөн туура.
БУЛАК: zaman.kg