ЖАҢЫ ИНСТА-ТРЕНД: “ШАЙТАНДЫН ЭРИНДЕРИ” КЫЗУУ ТАЛКУУЛАНУУДА

ЖАҢЫ ИНСТА-ТРЕНД: “ШАЙТАНДЫН ЭРИНДЕРИ” КЫЗУУ ТАЛКУУЛАНУУДА

23-бештин айы, 2019-ж // //

Жыл аягында интернетте пайда болгон түрдүү формадагы эриндер кызуу талкуу жаратты. Косметологдор кыздардын эриндерине филлердин жардамы менен толкун сымал контурду жасап берет. Мындай эриндер “Осьминог” же “шайтан” эриндери деп аталат. Мындай ойлоп табуунун автору белгилүү косметолог Емельян Брауде.

Дарыгер Александра Гонттун айтымында бул процедура ооуртпайт. Бирок эриндер бат эле мурдагы калыбына келип калат.

Жаңы трендге инстаграм колдонуучулары кандай баа беришет? Көз жүргүртүп көрсөк, көбү жагымсыз экендигин айтышкан.

Мисалы, “Казакстанда бир кыз жасатыптыр. Косметолог клиент всегда прав” деп кардарын коргоого алса, россиялык телеканалдардын бири “Бул фотошоп. Мындай эриндерди жасаткан адам кайра калыбына келтире албайт” дейт.

Дагы бирөө “мындай эрин менен эч ким өбүшкүсү да, сүйлөшкүсү да келбесе керек?!” десе, башкасы “кой деген кожосу жок адам го!” деген пикирин калтырган. Дагы башка бирөөлөр “эмне эринин жалбыракка окшоштуруп алган, кароонун өзү жийиркентет” дейт.Бул тууралуу Элдик.медиа жазып чыккан.