Жанар Акаев: Саясий эрки бар, күчтүү парламент гана бизди туңгуюктан чыгарат
04-аяк оона, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваШайлоого аттанган партиялар алдыңкы бир айда “мектеп, бала бакча же көпүрө, жолсалабыз”- деген убадалары менен кайрадан эл аралайт. Шайлоочулар да адата ошондой инфраструктуралык мүдөөлөрүн талапкерлерге сунуштайт. Бирок биз азыр тарыхый чындыкты түшүнүп алышыбыз керек – канчалык оор угулбасын күн тартибинде “Кыргызстан эртең бар же жок болот” деген олуттуу маселе кабыргасынан коюлуп калды. “АтаМекен” партиясын шайлоого баштап бара жаткан жаш саясатчы Жанар Акаев Талас эли менен болгон жолугушууда ушул маселеге токтолду.
Ал кийинки парламенттин мойнунда өтө чоң жоопкерчилик турганын, андыктан анын курамы күчтүү, сапаттуу болушу керектигин белгиледи.
“Айылда бала бакчаны же көпүрөнү оңдоп бер” деген сыяктуу маселелерди көпчүлүк айтат. Ал да керек деңизчи, бирок мен маанилүү бир жагдайга токтолоюн. Кыргызстандын карызы 5 млрд доллардан ашты, анын басымдуусу Кытайга. Бюджеттеги тартыштык 30 млрд сомго жетти. 2023-жылдан баштап Кытайга жана башка өлкөлөргө карыздарды төлөө мөөнөтү башталат. Кийинки келген парламент кубаттуу, күчтүү болуш керек. Экономиканы түшүнгөн, саясий эрки бар адамдардан куралган күчтүү парламент гана бизди ошондой туңгуюктан чыгарат”, — деди Акаев.
Ал азыркы чакырылыштагы 36 депутат бийликтин негизги партиясынан парламентке аттанганын белгиледи. Алар кайрадан эл өкүлү болуп келсе, элдин таламын талаша алабы деген суроо ачык бойдон турат.
“Силер Эльвира Сурабалдиеваны, Наталья Никитенкону, Рыскелди Момбековду, Жанарды шайлабагыла, анда ошолор барып маанилүү маселелерди көтөрсүн, чурулдап сүйлөсүн! Кудай сактасын, ага жолбербейли, бирок кошуна өлкөлөр карыздын ордуна биздин стратегиялык объектилерди сураса, Жерүй сыяктуу кендерибизди сураса, Атамбаевдин сөзү менен айтканда, “чимкириктер” эл тарап болуп туруп бере алабы? Микрофонго чыгып, кара кылды как жарып ,акэткенден так эткендер керек. Көпүрө менен бакчанын курулушу бүтө турган маселе. Бирок алдыбызда “Кыргызстан бар же жок болот” деген маселе турат. Күчтүү парламент келип, күчтүү өкмөттү курашыбыз керек. Азыркыдай өкмөт жарабайт. Биз Наталья Никитенко, Тилек Токтогазиев, Эльдар Абакиров өңдүү күчтүү балдар-кыздарды өкмөткө алып келишиби зкерек”, — деди Акаев.
Ал “АтаМекендин” депутаттары эмне иш кылып койду, сүйлөгөндү эле билет” деген атаандаштар арасындагы негизсиз аргументке өзүнүн таамай жообун берип, так сандарды далил катары келтирди.
“Эки ай мурун мурдагы премьер-министрдин былык ишин ачып, 5 мүнөт сүйлөп койдум эле, бюджетке 5 млрд сом түштүго! Бишкек менен Чүйдүн үстүндөгү жыштык боюнча эки лицензияны казакстандык компанияларга бирөөсүн 700 сомдон, экинчисин 1200 сомго сатып жиберишкен. Ошол жыштыкты азыр өкмөттүн өзү 5 млрд сом деп баалап жатат. Бул акчага канча бала бакча, мектеп, көпүрө бүтөт? А биздикилер болсо бир бала бакчаны ачат дагы, өкмөт бүтүргөн ишке канча депутат “мен салдым” деп чыга келет. Мындан сырткары “Кыргыз темир жолу” боюнча 139 млн сом, “Кт-Мобайл” ишканасы боюнча биздин билдирүүлөрдөн кийин казынага 149 млн сом түштү. Ар бир сүйлөгөн сөзүбүз менен бюджеттен акчаны уурдатпай кармап турганыбыз – негизги кызматыбыз эмеспи”, -деди Акаев.
“Ата Мекендин” лидери акча менен абийирдин күрөшүбашталганын, шайлоочулар өз добушун сатпай, тура чечим кабыл аларына ишене турганын кошумчалады.
“Ата Мекен” социалисттик партиясы үгүт кампаниясын бүгүн Талас облусунан “Мана ордого” зыярат кылуудан баштады. Мамлекеттүүлүктү, өлкө бүтүндүгүн жогору койгон партия үчүн бул символикалык мааниге ээ. “Ата Мекен” партиясы 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого ЖанарАкаев баштап баратат. Алдынкы тизмеде ТилекТоктогазиев, Эльвира Сурабалдиева, Наталья Никитенко, Рыскелди Момбеков, Эльдар Абакиров, Абдывахап Нурбаев жана башкалар бар. Оппозициялык партия “Жаңы дем” программасын алып чыккан.
ARGUMENT.KG