Жанар Акаев 100 миң сомдук жигули унаасын сатып алды

Жанар Акаев 100 миң сомдук жигули унаасын сатып алды

20-үчтүн айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Баткен облусунун жашоочусуна жигули унаасын белек кылганын айтты.
«Чек арада жашаган үй-бүлө баарыңарга рахмат айтты достор, машинесин минип кетти!
2009-жылы чыккан жигули экен, 100 миң  сомго алдык.
Акебиз өзү ооруканада болуп (чек ара чырында ок жеген мурда), жубайы уулу менен алып кетти. Чекчейген жаңы унаа алып бералбасак да, фейсбуктагы достордун чакан белеги бул бүлө үчүн чоң жардам болот деп ишенем!
Сиздерге Рахмат, дээрлик эки саатта эле 70 миң сом котордуңар. Курсанбек Каныбеков, Кубанычбек Алибеков, Айбек Жолдошев, Mирбек Aбдрахимов, Жаныбек Нариев, Эмиль Туленбаев, Улан Асаналиев ж.б. досторду белгилей албасам кечирим сурайм. Мен да өз салымымды коштум. Көп түкүрсө көл болот!», — деп билдирди Акаев.
https://youtu.be/pyVynO77x8U