Жалгыз агам аракка берилип кетип, апамды үйдөн кууп чыгып жатат…
03-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаламатсыздарбы мен да өз көйгөйүмдү жазайын деп чечтим. Айтчу бир тууганым жок жалгыз кызмын апам жалгыз жашайт жалгыз агам алкаш болуп калган. Мен апамды жаныма алайын десем кайын журт менен турам айлам калбай сиздерге жазып атам. Аракка берилип жалгыз бир тууганым үй-бүлөсүнөн ажырады. Апама тынчтык бербейт акыркы күндөрү апамды үйдөн кууп салат экен ушу суукта каяка барат? Мас болгондо үйдүн баарын талкалайт эмне кылам ай үй деген же тууганыбыз жок. Апамды бир жолу чаапта салыптыр ошондон бери мас десе эле апам байкуш качат коркуп. Мен кой десем мага да кол салат кандай кылам? Үйдө баатыр жоодо жок ушу болду. Бир чара көрбөсө болбой калды кандай кылам айлам калбай калды. Кенеш бериниздерчи.