Жалал-Абадда иске ууланган наристенин абалы жакшыра баштады

Жалал-Абадда иске ууланган наристенин абалы жакшыра баштады

10-үчтүн айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Жалал-Абадда иске ууланып каза болгон наристенин 3 жаштагы агасы жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын абалы жакшыра баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ооруканасынын директорунун орун басары Мелис Баймуратов «Т-Медиага» билдирди. 

8-январга караган түнү Жалал-Абад шаарындагы турак үйдөн өрт чыккан. Кырсык болгон убакта үйдө 2 жана 3 жаштагы наристелер болгон. Аларды энеси уктатып коюп, кошумча жумушка кеткен. Келин үйгө кайтып келгенде бөлмөсүн ыш каптап калганына күбө болгон. Үйдө калып кеткен наристелерге тез жардам чакырылган. Бирок 2 жаштагы кыз ооруканага жетпей көз жумган. Ал эми, 3 жаштагы бала оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

«8-январда түнкү саат 12:50дө жандандыруу бөлүмүнө алып келинген. 3 жаш 4 айлык бала келгенде абалы оор, өзүн билбей, суроо берсең сөзгө жооп бере албай турган абалда болгон. Учурда абалы бир топ жакшырды. Тамак ичип, сүйлөсөң сөзгө жооп берип жатат» — дейт Жалал-Абад облустук оорукананын директорунун орун басары Мелис Баймуратов.

Өрттүн чыгышына электр меши себеп болгону болжолдонуп жатат. Себеби, окуя болгон күнү наристелер үшүбөшү үчүн апасы электр жылыткычын жандырып чыгып кеткен. Кырсыктан турак-жайдын эки бөлмөсү ичиндеги мүлктөрү менен күйгөн.

Бул өлкөдө өрттөн улам, иске ууланган жалгыз кырсык эмес. Буга чейин Бишкек шаарынын Ак-Бата конушунун 48 жаштагы тургуну түтүнгө ууланып каза болгону маалымдалган. Андан көп өтпөй, Сузак районунун 52 жаштыгы жашоочусу иске ууланып мерт болгон. Ал эми өткөн жылдын 30-декабрь күнү Баткенде бир үй-бүлөдөн 6 жаран өрттүн кесепетинен каза тапты. Кыргызстанда иске ууланып жыл сайын 10догон адам көз жумат. Адистер муну, жарандар өрт коопсуздугун сактабагандыгынан же электр шаймандарын туура эмес колдонгондон келип чыгат дейт.  Алсак, 2022-жылы өлкө аймагында жалпы 3 194 өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 30 адам каза болуп, 17 адам ар кандай жараат алган.