Жактырган кызым мени зек деп чанып кетти

Жактырган кызым мени зек деп чанып кетти

01-тогуздун айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Эки жыл мурун кафеде пикир келишпестик болуп кетип бир жигитти уруп койгом. анын жаагы жана бир кабыргасы сынып кетип менин үстүмөн арыз жазып соттолуп кеткем. абактан чыкканыма алты ай болду. апам менен турам. ага-инилеримдин баары өз алдынча иштеп , үй-бүлө куруп кетишти. Жактырып жүргөн кызым бар болучу. Ал турмушка чыгып жатканын айтты. Мени болсо түрмөгө отуруп чыккан зек деп ата-энелери каалабай коюптур. Эмне дейт элем, ар бир ата-эне өз баласын бактылуу болсо дейт эмеспи. апам бир туугандарым үйлөнуп алып оокат кыл деп жатышат, бирок менин турмөдөн чыкканымды укканда эле баары качышат экен. Канткенде мен өз бактымды таба алам же түрмө деген сөз өмур бою бетиме жабылган көө болуп кала береби?