Жайылда 17 жаштагы кыз никеге туруу максатында уурдалды

Жайылда 17 жаштагы кыз никеге туруу максатында уурдалды

12-чын куран, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

 Жайыл районунда 17 жаштагы кызды ала качып кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Окуя кечээ, 11-апрелде Жайыл районунун Кара-Дөбө айылында катталган.
«22-23 жаштагы балдар кичи автобуска түшүп бараткан 17 жаштагы кызды ала качып кетишти. Кыз барган жерине отурбай, милицияга арыз жазды. Ал балдар бүгүн, 12-апрелде милиция кызматкерлери менен келишим түзүп, акча берип, ишти жабууга аракет кылышууда. Милиция кызматкерлери Айзада менен Буралайдын окуясынан дагы деле сабак алыша элекпи?», — деп билдиришти алар.
Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 11-апрель күнү Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Дөбө айылынын жашоочусу кайрылып, 2003-жылы туулган кызын белгисиз балдар никеге туруу максатында ала качып кетишкенин билдирген.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй ОИИБдин жана Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында 1999-жылы туулган С.А., С.М. жана 1998-жылы туулган Ш.Б. аттуу балдар шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ал эми 2003-жылы туулган кыз милиция кызматкерлери тарабынан ата-энесине кайтарылып берилген.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.