Өз балдарыбыздын башын кесип салганга чейин бардык-дейт шаар акими Сагинтаев
13-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваАлар кирип келип аесуз ур токмокко алып, күнөөсүз кызматкерлердин башын кесип салышты. Бул мыкаачылыктын жеткен чеги-дейт Алматынын акими Бакытжан Сагинтаев 31-каналдагы суроолорго жооп кылып билдирди.
«Тополоң болгон күнү баарыбыз штабда иштеген жерибизде болдук. Биринчи түнү эртең менен мен билдирүү жасадым. Кийинки күндөрү штабда болдук. Менин негизги милдетим Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги менен байланышта болуу болчу. Биз ал жерде эки тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болууга аракет кылдык. Тополоңго чыккандар менен тынымсыз сүйлөшүүлөр жүрүп жатты. Бизди эл алдына чыкпайт деп күнөөлөп жатышат. Кошумча күчтөр келип, спецназ акимиатты, аянтты тазалаганда, штабдагы кесиптештерим акимчиликке, аянтка чыгышты. Ал жерде бизди ар тараптан ар кандай нерселер менен койглуп мынтыктын үнү да угулуп жатты. Биз артка кетүүгө аргасыз болдук, бирок алар биздин баардык маршруттардан кабардар экен. Биз артка чегингенде айдоочум жаракат алды, ал эми телеканалдын айдоочусу октон улам каза тапты. Курал жарагы жок аскерлерди калкан менен таягы эле бар эле. Кирип келген эл аларды аесуз ур токмокко алышты. Мына бизде ушундай абал болду. Кызматта тургандар өзүбүздүн эле балдар эле. Аларды былчылдатып уруп, керек болсо башын кесип салып кете беришти», — деди Сагинтаев.