Ысык-Көлдө 72 жаштагы карыяны сарайга байлап коюп, үйүн тоноп кетишти

Ысык-Көлдө 72 жаштагы карыяны сарайга байлап коюп, үйүн тоноп кетишти

04-аяк оона, 2017-ж // //

Ысык-Көл районундагы Кароол-Дөбө айылынын 72 жаштагы жашоочусун тоноп кетишти. Turmush басылмасынын кабарчысына булактар аркылуу маалым болгондой, окуя 30-август күнү саат 06:50 чамасында болгон.
Белгисиз адамдар 1945-жылы туулган Э.Алдаяр аттуу жаранга физикалык күч колдонуу менен мал сарайга алып кирип, колун скотч менен таңып коюшкан. Андан кийин кол салгандар анын үйүн тинтип, 20 миң сом акча жана жубайына тиешелүү алтын жасалгаларды тоноп кетишкен.
Бул окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иш козголуп, Ысык-Көл ОИИБ жана Ысык-Көл РИИБ тарабынан ыкчам иликтөө тобу түзүлдү. Учурда шектүүлөрдү кармоо аракеттери улантылып жатат.
Булак: Турмуш