Ысык-Көл: Пенционерди зордуктаган милициянын майору

Ысык-Көл: Пенционерди зордуктаган милициянын майору

11-тогуздун айы, 2017-ж // //

Мындай окуя жакынкы күндөрү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймагында катталган. Бул тууралуу маалыматты облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматта Жети-Өгүз районунун тургуну аймактык укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Анда 55 жаштагы тургун майор тарабынан зордукталса, 62 жаштагы күйөөсү сабалып ооруканага жаткырылган.
Иликтөө иштеринин жыйынтыгында милициянын майору жабырлануучулардын үйүндө жашап, мас абалда экендиги аныкталган. Окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө.
NazarNews.kg