Ырыс Жоомартова: “Кумурскадай тытынып, оокат кылып келем”

Ырыс Жоомартова: “Кумурскадай тытынып, оокат кылып келем”

18-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Режиссер, актриса Ырыс Жоомартова быйылкы 2021-жыл өзү үчүн үй-бүлө жылы болорун билгиледи. Бул тууралуу режиссер айым социалдык баракчасына пост бөлүштү:

“Быйылкы 2021-жыл мен үчүн үй-бүлө жылы. Акыркы 20 жылдан бери бизнес, шоу-бизнес, кино деп жүрүп, үй-бүлөмө жакшы көңүл бөлө албай калгандаймын. Бирок, уулум Айбек жана кызым Наргизаны эч нерседен кем кылбайын деп, кумурскадай тытынып оокат кылып келем. Экөөнү тең эмгекти сүйүүгө тарбиялагам. Акыркы убакта чогуу отуруп чай үстүндө баарлашып, кеңешип оокат кылып баштадык” деп жазды Ырыс Жоорматова.

ARGUMENT.KG