Ырчы Бактыгүл Бадыева чет өлкөдөн 3 бөлмөлүү батир алды
05-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваЫрчы Бактыгүл Бадыева Түркиянын Аланья шаарынан 3 бөлмөлүү батир алды. Бул тууралуу ал өзү ырастап, куттуктоо айткандарга ыраазычылыгын билдирди.
«Ар бириңерге ушундай сезимдерди каалайм. Ар кимдин кыялдары, каалоолору орундалсын. Аланьяга тартканың үчүн, Анжелика, сага рахмат», — дейт ал.
Белгилүү болгондой, Бактыгүл Бадыева беш жылдыздуу көп кабаттуу үйдөн батир алды. Турак жайдын ачкычы бир канча күндөн кийин колуна тиет. Учурда ырчы эки кызы менен аталган аймакта жүрөт.