Ырчы Арсен  жакында үйлөнөт. Сүйүктүүсү ким?

Ырчы Арсен жакында үйлөнөт. Сүйүктүүсү ким?

04-теке, 2018-ж // //

Жакында көз күйдүргөн бойдок ырчы мырзалардын саны дагы бирөөгө азайып, жаңы үй-бүлө жаралганы турат. Ырчы мырза Арсен июлда үйлөнөрү белгилүү болду. «Учурда үйлөнүү тоюма даярдык көрүп, чуркап жүрөм. Убактымдын, оюмдун баары ошол иште. Үлпөт тойлордо ырдап кетип калуу башка, өзүңдүн тоюңа даярдануу башка экен. Буюрса, 18-июлда ага-туугандан бата алып, элге той беребиз»,- дейт толкунданган ырчы.

Эске салсак, Арсен Бегайым аттуу сулуу бийкеч менен сүйлөшүп жүргөнүнө көп болду. Сүйүүсү тойго жеткен эки жашка бакыт каалайбыз.

БУЛАК: СУПЕР.kg