Ыйлап жатат деп ымыркайды терезеден ыргытып ийген

Ыйлап жатат деп ымыркайды терезеден ыргытып ийген

16-аяк оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Жолдон өтүп жата жаткан жаран терезеден ыргыган ымыркайды тосуп алган. Бул тууралуу Свердлов облусунун басылмасы жазып чыкты.
Кечке маал ымыркайдын ата-энесинин үйүнө конок келген. Алар ичип олтуруп бир топ кызымтал болуп калган. Ичимдик алып келгени ымыркайдын энеси дүкөнгө кетет. Бул учурда ымыркай ыйлап калат. Мас болгон конок ыйман курулуш үчүн терезени талкалай чаап андан баланы ыргытып ийген. Бул учурда жолдо өтүп бара жаткан киши айнектин сынган үнүнөн жогору карап, сыртка ыргыган ымыркайдын түшүп келе жатканын көрүп тосуп алат. Бул окуяга күбө болгондор тезинен полицияга жана тез жардамга чалышат.
Ыргыган баланын абалы жакшы экенин жана эч кандай денесинде жаракат болбогонун дарыгерлер кароодон кийин айтышкан.
Ымыркайдын энеси каттоого алынып, ал эми баланы ыргыткан конок жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага РФнын «жаш баланы өлтүрүүгө аракет кылды» деген берене менен кылмыш иши козголду.
Аргумент.кж