ВИДЕО-Назира Айтбекова: “Сатылгыла! Коронавирус учурунда жоготкон балдарыңарды унутуп, сатылгыла!”

ВИДЕО-Назира Айтбекова: “Сатылгыла! Коронавирус учурунда жоготкон балдарыңарды унутуп, сатылгыла!”

19-баш оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Актриса,алып баруучу,блогер Назира Айтбекова бул тууралуу  жеке Фейсбук баракчасынажазды

“Мени өкүндүргөн нерсе бул “мурдубузга дагы эле суу жете элек” окшойт. баягы эле таз кейпибизде болот өңдөнөбүз. Анткени, жан дүйнөдө эч кандай төңкөрүш байкалган жок. Мурункулардын эле доору, сайраны, акчалуулардын эле заманы болчудай.

Биз ишенген, үмүттөнгөн жаштардын баары мурункуларга кошулуп кетти. Эми алар деле эскилердин сөзүн сүйлөйт го деп ойлоп жатам.

Жаңылар, жаштар болсо, биригүүдө көйгөй туулуп жатат. Ар кимдин “менин башым чооң” дегендей эле, амбициясы чоң. Ар ким өзүнө кыйын. Бир идеяны, идеологияны колдоп, “Кыргызстандын өнүгүшү үчүн биригели” деген жаштарды көрө алган жокмун.

Биздин жан дүйнөбүз даяр эмес окшойт. Айыл жергесинде паспорт чогултуп жүрүшөт. “Мен аты аталгандарга эле шайлайм. Алар мени февралдан бери багып келе жатышат. Мынча миң сом берди”. Кайсы партияга шайланаары, шайлаары белгилүү болуп калыптыр.

Биз бүгүн кандай бийлик күтсөк биз ошого татыктуубуз. Демек, жан дүйнөбүз ошону каалап жатат. Үмүт жок негедир… Сатылгыла! Кечээ коронавирус учурундагы жоготкон балдарыңарды унутуп, сатылгыла! Апрелдеги окко учкан балдарыңардын сөөгүн тебелеп, сатылгыла! Дагы беш жыл эзилгиле! Татыктуубуз!”.