ВИДЕО-КСДПнын депутаты жетекчини сабап салды

ВИДЕО-КСДПнын депутаты жетекчини сабап салды

07-жалган куран, 2020-ж // //

Энергия сатуу” ишканасынын Токмок шаарындагы жетекчисин КСДПнын мүчөсү сабап кетти.  Жабырлануучунун айтуусунда, КСДПнын депутаты «“Биримдик” партиясынын штабы жайгашкан кеңсенин электр жарыгын өчүрөсүң»- деп сабаган. Жабыркаган жетекчи Президентке кайрылуу жасады.
“Урматтуу, Сооронбай Шарипович! Бүгүнкү  күндө Токмок шаарында мыйзамдуулук жок болуп, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү беспредел кылып жатышат. 5-март күнү саат 11:30 да Токмок шаарынын Энергосбыттын жетекчиси Уланды, шаардын мэринин бир тууган иниси Амангельдиев Замир досу менен келип жумуштан салып кетишкен (камераларды тийиштуу органдар караса так жана даана көрүнөт). Алар Уланды Шамшы көчөсүндө жайгашкан «Биримдик» партиясынын штабына алып барышат. Ал жерден Токмок шаарынын СДПК партиясынын депутаты Жансеитов Тынай штабдын светин өчүрөсүң деп, досторунун көзүнчө уруп сабайт. Анан кыйнап, жумуштан өз ыктыяры менен кетем деп арыз жаздырып алат. Тынайдын азыркы учурда сотто башка кылмыш боюнча иши каралууда. Урматтуу президент, Бизде мыйзам иштейби? Же бандит-депутаттарга боло береби?”.