Унаага уугуп каза болгон жубайлар табылган

Гаражда токтоп турган унаадан жубайлардын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 20-декабрда эртең менен Ат-Башы районундагы айылдардын биринде гаражга токтотулган унаанын ичинен эки адамдын жансыз денеси табылган. Булар 1980-жылы жана 1982-жылы туулган жубайлар экени белгилүү болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар истүү газга ууланган. Экөөнүн беш баласы бар.

Add your comment

Your email address will not be published.