Саясат

Улукбек Марипов окуучуларга сабак өтөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов окуучуларга ачык сабак  өткөрөт. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.

Анда ал 15-сентябрда  Чүй облусунун бир мектебинде ачык сабак өткөрүп, окуучулар менен биргеликте бир күндү кызыктуу кылып алардын эсинде калгандай сабак өтмөкчү.

“Бул күндү окуучулар чыдамсыздык менен күтүп жатышат деп ишенем. Биринчи окуу күнү балдардын эсинде калышы керек. Салтка айлангандай, окуу жылы старт алган күнү “Дүйнө сабагы” аталышындагы ачык сабак өткөрүлүп келет. Мен Чүйдөгү мектептердин бириндеги окуучуларга ачык сабак өтөйүн деп жатам. Балдарга да, мага да кызыктуу болот деп ойлойм. Ошондой эле ачык сабакты менин орун басарларым, министрлер кабинетинин өкүлдөрү өтүшөт”, – деп жазат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *