Улукбек Марипов: «Аткарылган кадамдарга арабастан тоскоолдуктарга кабылуудабыз»

Улукбек Марипов: «Аткарылган кадамдарга арабастан тоскоолдуктарга кабылуудабыз»

20-баш оона, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

«Аткарылган кадамдарга карабастан, биз дагы эле бирдиктүү экономикалык мейкиндик үчүн товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин өтүүсүндөгү тоскоолдуктарга туш болуудабыз», — деди премьер -министр Улукбек Марипов бүгүн кеңейтилген форматта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында.

Ал ЕАЭБ башчылары ички рыноктогу тоскоолдуктарды четтетүүдө Евразия экономикалык комиссиясынын ролун күчөтүү зарылдыгын бир нече жолу белгилешкенин эске салды. Ошондуктан, министрлер кабинетинин башчысы ЕЭКтин көңүлүн анын функционалдык ролунун өзгөрүшүнө бурду.

«Акыркы убакта тоскоолдуктарды аныктоодо жана тоскоолдуктарды четтетүүдө комиссиянын ролун төмөндөтүү тенденциясы евразиялык интеграциянын пайдасына эмес. ЕАЭБде товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылын ишке ашыруу боюнча Биримдиктин максаттарына жетүүгө үмүтүмдү билдирем ”, — деп жыйынтыктады ал.