Саясат

Равшан Жээнбековдун сулуу жардамчысынын үйүн тинтүүгө алышты

УКМКнын кызматкерлери саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиеваны суракка чакырып, үйүн тинтүүгө алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кудайбердиеванын адвокаты Нурбек Токтакунов кабарлады.

Айсулуу Кудайбердиева саат 16:00дөн баштап УКМКда эки сааттай суракка алынган. Окуя тууралуу Нурбек Токтакунов буладры билдирди:

“Башында бизди сүйлөшөбүз деп эле чакырды. Кирсек бизди тергөөчүгө алып кирип, күбө катары сурайбыз деп баштады. Сурап баштаганда эле мен Айсулунуу күбө катары эмес, шектүү катары сурап жатканын түшүндүм. Аны түшүнгөндө мен айттым, биз шектүү катары суралып жатсак, анда суроолорго жооп бербейбиз деп. Күбө катары сурайбыз деп, бирок барып үйүн тинтүүгө алып, телефонун да алып койду. Үйдөн эч нерсе тапкан жок. Эмнени издеп жатышканын да түшүнгөн жокмун. Айсулуу азыр үйүндө”.

Азырынча Айсулуу Кудайбердиева эмненин негизинде суракка алынганы белгисиз. Кудайбердиева акыркы президенттик шайлоонун алдында андагы талапкер Равшан Жээнбековдун штабында иштеген. Ал социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *