Коом

Угар газына ууланып бир адам каза болду

Бишкектин Арча-Бешик конушунда өрт чыгып, көмүр кычкыл газына ууланып бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Өрт Күйүкова көчөсүндө жайгашкан жеке менчик үйдөн чыккан. Үйдүн 30 жаштагы ээси истүү газга ууланган. Жабырлануучу тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген, бирок ал ооруканага жетпей каза болгон», — деп билдирди ӨКМ.

Ошондой эле өрттүн кесепетинен турак үйдүн шифер жабылган чатыры, балдар бөлмөсү жана үй буюмдары күйүп кеткени айтылууда. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *