Түшүмдө Садыр Жапаров менен өбүшкөм, азыр уялып жатам
05-жетинин айы, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваТүшкө эмнелер кирбейт. Кээде жаман түш көрүп эртең менен артты карап үч жолу түкүрүп, «түлкүнүн богу» деп коет эмеспизби. Мага дайыма кызыктуудай адамдар кирет. Дегеле өмүрүмдө жолукпаган адамдар менен түшүмдө чайлашам, сырдашам. Атактуулардын колун түшүмдө кысам, баарлашам. Балким сиздерге менин жазганым жалган болор бирок мага чындык. Балким мага аян катары берилет. Үч жыл мурун түшүмө Алмазбек Атамбаев кирген. Бетин бырыш баскан, кийими бырыш, көйнөгүнүн жакасы кир эле. Кыйналып араң сүйлөп: “ооруп жатам, үйгө жатып эс алсам болот эле катуу кыйналдым”- деген. Аны мен ажолукту өткөрүп берүүдө кыйналып жаткан го деп жооруп койгом. Андан көп өтпөй темир эшиктер шарактап ачылып, мени эки милиция кызматкери караңгы узун колидор менен жети кулп салынган эшикке алып келип. Ачкычтары кулпка келбей жатып араң дегенде ачышты. Мени аркамдан түртүп ичкери киргизип ийишти. Ичи жагымсыз жытка толуп кетиптир. Катарлаш тизилген кабаттуу кроваттарда чачтары өскөн, сакал мурут апсайган кишилер отуруптур. Мени көрөр менен баарынын көзү жайнай түштү. Алардан коркуп кетип эшикти тартсам ачылбай койду. Тарсылдатып койгулап, тепкилеп жардам сурап кыйкырып ыйлап баштадым. Ангыча төрдө орто жаштагы кара тору келген адам басып келди. Колуман кармап, “Алар кетип калды убара болуп кыйкыра бербе ачпайт, баарыбыз бул жерге сага окшоп келгенбиз”-деди. Бир аз жоошуй түштүм. Ал жаткан кроваттын үстүнө отурдум. Өңү өчкөн шейшеп, жука жууркан уйпаланган жаздык турат. Жаздыктын жанында куран китеп бар экен. Бул адамга ишенсе болот экен деп ойлоп коем. Бир маалда экөөбүз өбүшө баштадык. Аңгыча бир нерсе тарс дейт түштү. Ойгонуп кетсем жолдошумдун телефону полго түшуп кетиптир. Жүрөгүм лакылдап, оозум кургап калыптыр. Беймарал уктап жаткан жолдошумдун алдында жамагн иш кылгандай ыңгайсыз абалда калдым. Андан бери эки жарым жыл болду. Ошондогу камерадан өбүшкөн адам көрсө Садыр экен. Чынында Садыр Жапаровду буга чейин тааныбайт элем. Азыр аны телевизордон көргөн сайын уялып ыңгайсыз абалда калып жатам. Түш болсо да ошондо мага катуу таасир бериптир таптакыр унута албай койдум. Башкаларга окшоп сүйдүм деген жокмун. Болгону түшүмө бекер кирген эмес болсо керек.
Айнагүл (аты өзгөртүлүп берилди, атын жазбоону суранган)
Булак:argument.kg