Турмушка чыгуудан баш тарткан кыздын бетин тилип салган

Турмушка чыгуудан баш тарткан кыздын бетин тилип салган

31-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Турмушка чыгуудан баш тартканы үчүн кыргызстандык кыздын бетин, моюнун бычак менен тилип салган. Бул тууралуу Hurriyet маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматта, окуя Стамбул шаарындагы бир мейманканада катталган. Чакырыкутан улам келген милиция кызматкерлери 28-жаштагы кыргызстандык кыздын бети моюну тилингенине күбө болушкан. Анын жанындагы  40 жаштагы Кадыр аттуу түрк жараны  кыз өзүн өлтүрүүгө аракет кылды деп билдирген.

“Ал мени ала жипти аттадың деп күнөөлөп жатат. Биздин ортобузда ошол үчүн уруш болгон. Андан кийин ал душка кирип кеткен. Ал жактан пивонун бөтөлкөсүн сындырып өзүн кескилеп өлтүрүүгө аракет кылды. Мен колундагы бөлтөлкөнүн сыныгып алып токтотоюн десем мени жек көрөрүн айтып менден качып баштады”-деп тергөө учурунда жооп берген.

Ал эми кыргызстандын жаран болсо анын айткандарын калпка чыгарып, ал Кадыр менен үч айдан ашуун тааныш экенин ачыктаган. Ошондой эле ал ага турмушка чыгуусун сунуштаганда макул болбой койгон. Ал анын паспортун тартып алып, ошол күнү уруш чыгарган жана аны өлтүрүүгө аракет кылганын билдирген. Бул боюнча кылмыш иши ачылып, эркек жаран кыргызстандык жарандын жанына жакын жолобоого тил кат жаздырып бошотушкан.