ТҮРКИЯ ЖАРАНЫ КЫРГЫЗСТАНГА ЖАСАЛМА ПАСПОРТ МЕНЕН КИРҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛГАН
26-бугу, 2017-ж // //Түркия жараны Кыргызстанга Орусиянын жасалма паспорту менен кирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-майда “Ак-Тилек унаа жол” өткөрүү пунктунда чек араны бузганы үчүн түркиялык жаран кармалган.
Паспорттук текшерүү учурунда 1979-жылы туулган О.Ч. чек арачыларга Орусиянын жасалма паспортун көрсөткөн. Ал Казакстандан Кыргызстанга келе жаткан.
Тиешелүү документтер толтурулган соң ал ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Булак: Каганат