ТҮНДӨ МАС АБАЛДАГЫ МИЛИЦИЯ АЙЫМ ЖОЛ КЫРСЫГЫНА КАБЫЛДЫ(ВИДЕО)
15-чын куран, 2020-ж // //14 апрель күнү кечки саат 22:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Төрт-Күл айылында милициянын аял кызматкери жол кырсыгына кабылды. Окуянын күбөлөрү жеринде тартылган видеону соцтармакка чыгарып, рулда отурган аял мас экенин белгилеген.
Видеонун авторунун айтымында, милиционер аял каршы тилкеде бара жатып “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.
Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.
Белгилүү болгондой кырсыкка кабылган аял Тоң РИИБнин кызматкери, бүгүнкү күндө окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө.
https://www.instagram.com/p/B-_mDAJHzWG/?utm_source=ig_web_copy_link