Трамп Путин менен “тил табышканын” билдирди

Трамп Путин менен “тил табышканын” билдирди

13-теке, 2017-ж // //

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен “жакшы
тил табышканын” билдирди.
CBN телеканалынын негиздөөчүсү Пэт Робертсонго курган маегинде америкалык лидер
АКШ Орусия сыяктуу эле күчтүү өзөктүк держава экенин, ошондуктан бул эки мамлекетке
“кандайдыр бир мамиленин” кереги жоктугун айтты.
Трамп Путин менен жолугушуусунун маанилүү жеткишкендиги катары Сириядагы согуш
жүрүп жаткан аймактарда жарашуу тууралуу келишимге жетишкенин белгиледи. (АКШ
Сириянын куралдуу оппозициясын, ал эми Орусия Башар Асаддын режимин колдоп
келет).
Андан сырткары АКШ лидери Путин үчүн Кошмо Штаттардагы шайлоодо
демократтардын талапкери Хиллари Клинтондун жеңип чыгышы пайдалуураак
болмоктугун, анткени ал учурда коргонуу чыгашаларын көбөйтүүнү көздөп жатканын
билдирди.
Трамп менен Путиндин алгачкы жеке жолугушуусу 7-июнда “Чоң жыйырманын” Гамбург
саммитинде болуп, пландалган 35 мүнөттүн ордуна эки сааттан ашык убакытка созулган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”