Талас шаарында аялынын өлүмүнө шектүү катары кармалган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери кечээ, 3-январда күнү өз өмүрүнө кол салмак болгону аныкталды. Бул тууралуу маалыматты Turmush басылмасына Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

«Аялынын өлүмүнө шектүү катары кармалган жаран кечээ күнү убактылуу кармоочу жайында суицидге барам деп, жип даярдап жаткан учурда убактылуу кармоочу жайдын мөөнөтчүлөрү көрүп, алдын алып калышкан», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми жубайларды тааныган адамдар буга чейин алардын ортосунда чатак болгонунун көрүшпөгөнүн айтышты.

«Ошол күнү каза болгон Э.Н. Талас шаарындагы кафелердин биринде достору менен жаңы жылдык корпоративде болгон экен. Бул окуя кызганычтан улам болгон деп айтышууда. Күйөөсү аны аябай сүйчү. Жакында эле «35 миң сомго телефон алып бердим» деп өзү кубанып айтып жүргөн. Жубайын татынакай кылып, жанында алып жүрчү. Жубайына мурун унаа алып берген. Экөөнүн эч кандай жаман мамиле жасаганын көргөн эмеспиз», — деди алар.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 2021-жылдын 29-декабрында өздүк булактар Талас шаарында 2 балалуу жаш келиндин жансыз денеси табылганын кабарлашкан.

Тургундун жансыз денеси 28-декабрда өз үйүндө табылган.

Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы аялдын өлүмү тууралуу маалыматты тастыктап, учурда текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирген болчу.

Андан кийин Талас ШИИБ келиндин өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалгандыгын билдирген.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 1992-жылы туулган Э.Н. аттуу келин өз үйүндө каза болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн. Билдирүүнүн негизинде окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, кароо жүргүзгөн. Текшерүү учурунда каза болгон келиндин денесинде көк ала тактар бар экендиги аныкталган.

«Аталган факты Талас ШИИБдин маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталган. Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту (этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор жаракат келтирүү) менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары анын күйөөсү — 1988-жылы туулган Ж.А. кармалды. Учурда окуянын чоо-жайын аныктоо максатында тийиштүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылган маалыматта.

2022-жылдын 3-январында Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы аялын сабап өлтүрүүгө шектелген адам камакта калтырылганын тастыктаган.

«Тергөө амалдары болуп жаткан учурда ал Талас шаардык соту тарабынан 2 ай камакта калтырылды. Камакка алынган А.Ж. учурда Талас шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан», — деп айтылган маалыматта.