Таласта 830 адамдын анализи таза чыкты
09-чын куран, 2020-ж // //Талас облусунда 830 адамдын коронавируска алынган анализи таза чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин Талас облусундагы координатору Айжамал Шамбетова билдирди.
Анын айтымында, жалпы карантин башталган мөөнөттөн бери Талас облусунан Бишкек шаарына 1358 адамдын анализи жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө анын 830нун жыйынтыгы чыгып, баары таза чыкты. Калгандарынын дагы жыйынтыгы бүгүн-эртең келет деп күтүлүп жатат.
9-апрелге карата обсерваторияда 21 адам, үй карантининде 1070 адам кармалууда.
Булак:Турмуш.кж