Тагдыр-Эри бар балалуу аялдардын бактысына суктанам

Тагдыр-Эри бар балалуу аялдардын бактысына суктанам

17-жалган куран, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Үй-бүлө куруу бул эркектерге караганда аялзатына оор экен. Анткени биз жаккан адамыбызга ичибиздеги сезимибизди билдире албай кала берет экенбиз. Мектепте окуп жүргөндө эле  ачылып сүйлөшпөгөн түнт кыялым бар болучу. Мени менен класташтарым деле сүйлөшүп же достошпоптур. Ал кезде ата-эненин канатында жүрүп түнт адамдын тагдыры оор болоорун билген эмес экем. Жогорку окуу жайын да жакшы баа менен аяктап, тез эле жумушка орноштум. Анда да жакындарымдын жардамы менен мамлекеттик кызматка киргем. Ал жерде деле өз ишимди так аткарып, бир бөлмөдө отуруп кеч киргизем. Мен курактуулардын көбүнүн балдары орто окуу жайды бүтүп калды. А мен болсо дагы деле турмушка чыга албай же бирөө менен кол кармашып баса албай келем. Туугандарым болсо жашың өтүп баратат турмушка чык дешет. Бирок мен кимге чыгам. Жолукмак тургай телефондон учурашканга таанышым болбосо. Көчөдө жолдошу менен балдарын көтөрүп алып кетип бара жаткан аялдардын бактысына суктанам. Мен да алардай болуп  үй-бүлөлүү болшгум келет. Бирок кантип таанышам жана кимге турмушка чыгам? Ушул суроолор акыркы кезде менин негизги көйгөйүм болуп келет.
Жыпар