Сузактагы киши эмне үчүн аялынын мойнуна дөңгөлөк илип кордогон? Үй-бүлөнүн жалгыз уулу үн катты
17-кулжа, 2020-ж // //Сузак районунда мойнуна дөңгөлөк илинип, колу байланып, үстүнө чакалап суу куюлган аялдын уулу Дастан апасы экөө атасын кечиргенин, апасынын абалы жакшы экенин айтты.
Ал атасы да жасаган ишине өкүнүп жатканын белгилеп, үй-бүлөсү мурункудай бир бүтүн болушун каалай турганын билдирди.
«Азыр үйдө апам экөөбүз жашап жатабыз. Негизи апам медайым болуп иштеген, атам деле жогорку билимдүү. Ушул күнгө чейин экөөнүн урушканын көргөн эмесмин. Атам ачуулук менен апама кол көтөргөн учуру болгон эмес. Ошол окуя учурунда мен Ошто болчумун.
Апам туугандарына тойго барганда кечигип келгенине атам жинденип, ачууга алдырып, ушундай окуя болуп кетиптир. Атам менен уюлдук телефон аркылуу бир жолу байланыштым. Бизден кечирим сурады. Апам экөөбүз тең атамды кечирдик. Мен мурункудай бир бүтүн үй-бүлө болуп, бирге жашоону каалайм. Экөөнүн эки жолго кетүүсү мен үчүн оор. Таякелеримди да түшүнүп жатам. Апамдын абалы жакшы, ойлонто турган маселе жок», — деди ал.
Дастан үй-бүлөдө жалгыз уул.
Жолдошу тарабынан мойнуна дөңгөлөк илинип кордолгон аял боюнча окуя Сузак РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 75-беренеси (үй-бүлөдөгү зомбулук) менен катталып, ал кайра Жазык кодексинин 144-беренесине (уруп-согуп кыйноо) которулуп, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Күйөөсү — Сузак районунун 1969-жылы туулган тургуну Б.З. 11-июнда Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми 2020-жылдын 13-июнь күнү баш коргоо чарасы каралып, Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 15 күндүк мөөнөткө камоо чарасы тандалган.
Кийинчерээк жабырлануучу аял күйөөсүн кечиргенин билдирип, милицияга тосмо арыз жазган.
Булак:Турмуш