Сооронбай Жээнбеков экс-президент деген макамынан ажыратылабы?

Сооронбай Жээнбеков экс-президент деген макамынан ажыратылабы?

25-тогуздун айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Журналист мамлекет башчы Садыр Жапаровдон бүгүн — Сооронбай Жээнбековду экс-президенттик макамынан ажыратууга кандай көз карашта экенин сурады. Ушул тапта Жапаров «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ЖМК өкүлдөрү менен жыйын куруп, суроолоруна жооп берүүдө.

Журналисттердин бири ага — «Сооронбай Жээнбековду экс-президент деген макамынан ажыратуу маселеси көптөн бери көтөрүлүп келет. Буга кандай карайсыз?» деген суроо берген.

«Ал боюнча маселе жок, экс-президент бойдон калат. Биз президенттерди жоопко тартып, куугунтуктаган салтты токтотолучу. Анын өтө чоң кылмыштары деле жок. Албетте, саясий жактан жоопкерчиликтери бар», — деди Жапаров.

2020-жылдын 5-октябрында, Жогорку Кеңешке шайлоонун дал эртеси, өлкөдө толкундоолор башталган. Буга бир катар партиялардын добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразылыгы себеп болгон. Мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын өткөрүп берген соң Жээнбеков экс-президент макамын алган.