Шыкмаматов Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин курамына кирди
08-баш оона, 2018-ж // //Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамына өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык Шыкмаматов Алмамбет Насырканович — Жогорку Кенештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин курамына киргизилди.
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин учурдагы курамы:
- Сооронбай Жээнбеков — президент, улуттук кеңештин төрагасы;
- Дастанбек Жумабеков — Жогорку Кеңештин төрагасы;
- Мухаммедкалый Абылгазиев — премьер-министр;
- Айнаш Токбаева — Жогорку Соттун төрайымы;
- Иса Өмүркулов — КСДП фракциясынын лидери;
- Алмазбек Баатырбеков — «Кыргызстан» фракциясынын лидери;
- Жыргалбек Турускулов — «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери;
- Бакыт Төрөбаев — «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери;
- Алтынбек Сулайманов — «Бир бол» фракциясынын лидери;
- Дамир Сагынбаев — Коопсуздук кеңешинин катчысы;
- Өткүрбек Жамшитов — Башкы прокурор;
- Нуржан Шайлдабекова — Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;
- Толкунбек Абдыгулов — Улуттук банктын төрагасы;
- Улукбек Марипов — Эсептөө палатасынын төрагасы;
- Олег Панкратов — Экономика министри;
- Адылбек Касымалиев — Каржы министри;
- Нурсулуу Ахметова — президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы;
- Азамат Дикамбаев — Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;
- Светлана Борцова — «ЭкоПартнер» консалтингдик юридикалык компаниясынын башкы директору;
- Айнура Усупбекова — «Жарандык Платформа» коомдук фондунун директору;
- Азиза Юлдашева — «Жер Азыгы» Кыргыз мамлекетинин агробизнесмендеринин ассоциациясынын аткаруучу директору;
- Таалайбек Койчуманов — өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы;
- Улук Кыдырбаев — Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы;
- Надежда Добрецова — Өнүгүү саясаты институтунун башкармасынын төрагасы.
Булак: Zaman.kg