Шайлообек Атазов: “Биз улутту сакташ үчүн кыздарыбызды коргоп, тарбиялайлы…”
18-кулжа, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева— Шайлообек Карыбекович, сиздин “21 жашка толо элек кыздар чет өлкөлөргө ата-энелеринин коштоосунда гана чыксын” деген сунушуңуз кооомчулукта чоң талкууну жаратты. Айтсаңыз, бул сунушту киргизүүгө эмне түрткү болду?
— Бүгүнкү күндө Россия Федерациясынан бизге “бул жакка келген жаш кыздар жумуш менен камсыз болбой, түнкү клубдарда, метролордо кордолууда” деген маанидеги көптөгөн каттар, кайрылуулар келип жатат. Ошон үчүн биз алардын укугун коргойлу, көчөт кыздар чет жактарга чыкканда ата-энелердин уруксаты менен гана чыксын (!) деген ой менен ушул сунушту киргиздик. Россияга барган кыздар биздин мамлекет тарабынан да коргоого алынып, алардын коопсуздугу, иш менен камсыздалышы көзөмөлгө алынууга тийиш. Бир катар мамлекеттерди алсак, чет өлкөлөргө кыздарды 21 жаштан гана чыгарат. Биз да ошол практиканы колдонгонубуз туура болот. Айтып койчу нерсе, биз али “кыздар сыртка чыкпасын” деген мыйзам даярдай элекпиз. Болгону элдин үнүн, көйгөйүн жеткирдик.
— “Бул – кыздардын укугун чектөө” деген пикирге макул эмессизби анда?
— Бул кыздардын укугун чектөө эмес, тескерисинче, кыздарды коргоо. Бизди сындагандар эмне үчүн чет жактарда жумуш таппай ичкиликке берилип, өлүп келип жаткан кыздар жөнүндө айтышпайт? Бизде жыл сайын 11 миңден үй-бүлө ажырашат экен. Ошондо 10 жылда жүз миңдей адам ажырашат. Биз улутту сакташ үчүн кыздарыбызды тарбиялайлы. Окуганы барса барсын, ага эч кимдин каршылыгы жок. Бирок, алардын коопсуздугу кепилдениши керек да. “Ата-энелердин коштоосунда барсын” деген сунуштун эмнеси жаман? Ата-энеңен уруксат алып чык, мамлекет көзөмөлгө алсын, биздин элчиликтердин тизмесинде турсун. Он сегиздеги чырактай кыз досторунун азгыруусу менен ата-энесинен качып кетсе эмне кылабыз? “Бул өтө чоң көйгөй, биз бул маселени карашыбыз керек” деген сунуштун бир эле сүйлөмүн контексттен жулуп алышып, ажиотаж жаратып атышат…
«Азия Ньюс» гезити