Коом

Сегиз жылдан кийин мурунку сүйүктүүмдөн уулум бар экенин билдим

Күздүн деми келгени мага качанкы бир кездеги сүйүүмду эске тушурөт. Дайыма түшкөн кийин парткка барып саргарган жалбырактарды карап отурганды жактырам. Анткени мен ушул сары жалбырактар менен бирге сүйүүмдү тапкам, кийинки жылы ушул жалдырактар алдында сүйүүмду жоготуп алгам.

Досум менен сабактан кийин отургучта эртеңки планды карап отурган элек. Бир кезде жаныбызда өтуп бара жаткан кыздын телефону кокусунан жерге түшту. Туштөн йгонгондой чочудук. ал кыз телефонун алып жаныбызга отургучтун бош жерине отура калып ыйлап ийди. Сооротуп себебин сурасак, ал күну алыста жүргөн атасынын чалуусун күтүп жаткан экен. Атасы кыз эки жашында кеткен бойдон кайтып келбептир. Апасы менен атасын күтуп ага болгон кусасын айта албай жүргөн экен. Боорум ооруду. анын телефонунан симкасын чыгарып меникине салып колуна карматтым. Тушүнбөй телефонду колу менен түртүп койду. Узун кара кирпиктерине илинген көз жаштын тамчылары ого бетер сулуу көрсөттү.

-Чоң кыз телефонун жарабай калды. Атан менен сүйлөшүшүң керекпи? Демек менин телефонумду алып колдоно бер, кийин бересиң. Мына менин номерим ушуга чалып бересиң ага чейин доолабайм-деп кайра колуна карматтым. Ишенбегендей болуп туруп калды. Ошентип номеримди телефонго сактап коштошуп жолумду уладым. Бир айдан кийин белгисиз номер чалып калды. Алып эле үнүнөн баягы кыз экенин тааныдым. Телефонумду кайрып бермекчи болуптур. Жумуштан кийин жолугушуп, парктын алдындагы ачык кафеге отурдук. Чай алып берип сыйладым. Таанышып калдык. Атасынын чалып ошол куну экөө жолукканын айтып кубанычында чек жок экен. Ошентип биз жолугуша баштадык. Анарасыз жашом жоктой сезилип калды. Күзүндө үйлөнө турган да болдук. Жаштык кылдык, кунөө кетирдик. Ата-энем айылдан келип аны менен тааныштыра турган болуп калдым. Убакыт сааты жакындап ал күну жумуштан эртерээк чыгып, жолдон өтө калам деп катуу келе жаткан унаага кабылдым. Калганын билбейм. Көзүмдү ачсам палатада жатам. Апам жүдөй түшкөн. Сурасам унаа коюп кетип он кун дегенде эсиме келиптирмин. Анараны эстедим. ага чалайын деп телефонумду сурадым. Апам телефондун кайда экенин билбейм деди. Алты ай дегенде жакшы болдум. ошол мезгилде Анараны кантип табарымды билбей чабалактадым. Бир жарым жыл дегенде өз алдымча басып Анараны издеп окуган жерине барсам эчак эле окуудан чыгып кеткенин айтышты. Жоготтум. Чогуу иштеген коллегама үйлөнуп беш жылдан кийин ажыраштым. Арадан сегиз жыл өткөндөн кийин ошол парктан биз таанышкан отургучтан окуучу баланын үшуп отурганын көрдүм. Көзүмө жылуу урунду. Жанына барып отурдум. апасын кутуп отурганын айтты. Бир кезде алыстан арык чырай аял басып келди. Көздөрү… Ооба бир кездеги Анаранын күйүп турган көздөрүнө окшош көздөр. Анара… Жүрөгүм токтоп кала жаздады.

-Анара сенсиңби?

-…

-Мен сени жоготуп алгам, ошол куну сага баратып кырсыкка кабылып жолуга албай калгам.

Анара уулунун көзүнчө эч нерсе айткысы келген жок окшойт. Колуна акча карматып, бет мандайда турган кезектүү гамбургер саткан жакка жумшады.

Мен кырсыктаган куну апасына баарын айтып мени кутуптүр. Бир айдан ашуун менин чалуумду күтүп акыры мени алдап кетти деп үмутун үзүптүр. Ал эми менден кош бойлуу экенин кийин билип окуудан чыгып кетиптир. Баланы апасы экөө жалгыз тарбиялап келгенин айтты. Ооба бул менин уулум экен. Анара мени кечирген кундө да уулум мени кечиреби? Ушул суроо мени бир топко ойлондурду. Кеч болуп кетти деп Анара ордунан козголду. Кетиргим келбей коштоштум. Эми күндө ушул жерде Анараны күтөм. Атасын жек орүп өскөн уулумдун караанын кутөм.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *