Сапар Исаков кол саатын белекке бере албастыгын айтты

Сапар Исаков кол саатын белекке бере албастыгын айтты

08-бештин айы, 2017-ж // //

Өкмөт башчы Сапар Исаковдун 3 же төрт кымбат баалуу кол сааттары бар. Ал бул
тууралуу маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, ал сааттарын чет өлкөгө чыкканда белек катары алган.
“Колумдагы саатты Алмазбек Шаршенович биринчи көчмөндөр оюну болуп өткөндө белекке берген. Бул кымбат баалуу саат. Мен саатты тагынгандан уялбайм, өзүмдүн кирешем жетпегендиктен, сатып ала албайм. Эгер бул саатымды бирөө сураса, белекке бере албайм”,-  деди Сапар Исаков.
Булак: fakt.kg