«Сакал чаптаган жети аке же ашкере кошоматчылык…» Жапаровдун Ысык-Көлдөгү эл менен жолугушуусу талкууда

«Сакал чаптаган жети аке же ашкере кошоматчылык…» Жапаровдун Ысык-Көлдөгү эл менен жолугушуусу талкууда

30-бештин айы, 2020-ж

Социалдык тармактын колдонуучулары Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Ысык-Көл эли менен жолугушуу учурунда бата берген ак сакалдарды талкуулап жатышат. Сүрөттө көрүнгөндөй, сакал чаптап, майрамга жасангандай жасанган ак сакалдар К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театрынын артисттери болгондугу божомолдонууда.

Сүрөт Каракол шаарындагы ат майданында өткөн жолугушууда тартылганы айтылууда. Социалдык тармактардын колдонуучулары «Ысык-Көлдүн жети акесин туурап жатышкан өңдүү», «чапандарды кийип аябай майрамга даярдангандай даярданышкан экен»,»бул уюштуруучулардын ашкере кошоматчылыгынын белгиси болуптур, «Жасалма сакалчан ак сакалдардын батасы тиеби»» деген өңдүү комментарийлерди жазып жатышат.

Фабула