«Саясий репрессияга каршылык комитети»: Сот Текебаев менен Чотоновдун ишин атайылап создуктуруп жатат

«Саясий репрессияга каршылык комитети»: Сот Текебаев менен Чотоновдун ишин атайылап создуктуруп жатат

03-баш оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

«Саясий репрессияга каршылык комитети» аттуу коомдук уюм “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ министри Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши оппозиционер саясатчыны “тизгиндеп” туруш үчүн атайылап создуктурулуп жатат деп эсептейт.
Уюм 3-августта билдирүү таратып, мындай аракет өлкөдөгү саясий абалга терс таасирин тийгизиши ыктымалдыгын белгиледи. Уюмдун өкүлү Адил Турдукуловдун айтымында, Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы бардык шайлоо жараяндарына катышып келген оппозициялык саясатчыга бут тосуу шайлоонун мыйзамдуулугунан шек жаратат:
“Текебаев менен Чотонов мурунку бийлик учурунда саясий негизде камалып, аларга карата репрессия болгону баарына маалым жана муну баары эле таанып келе жатышат. Бирок Текебаевдин азыркыга чейин акталбай жатышы сот системасы азыр деле Ак үйдөн көз каранды экендигин жана бийлик Текебаев менен Чотоновдон чочулап, алардан коркуу сезими бар экенин билдирет. Алар шайлоо расмий башталганга чейин сөзсүз акталышы керек. Себеби “Ата Мекен” партиясы 30 жылдан бери бардык шайлоолорго катышып келген. Оппозициялык партиянын башчысы акталбай жатканы бул аларга карата бөгөт жана шайлоонун легитимдүүлүгүнөн шек жаратат деп ойлойбуз”.
Текебаев менен Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрүшөт.
Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш райондук сотто кайра каралууда. Прокуратура эки саясатчыга коюлган айып негиздүү жана алардын күнөөсү далилденген деп айтып келет.
Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга пландалууда. Шайлоого катышкысы келерин жалпысынан 44 саясий партия билдирген, алардын арасында “Ата Мекен” да бар.
Айрым саясатчылар эпидемия учурунда шайлоо өткөрүүнүн кереги жок экенин айтып жатышат. Ал эми БШК бул жараянды өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирүүдө.
Президент Сооронбай Жээнбеков парламент өз мөөнөтүндө шайланып, жаңы өкмөттү бекитерин 18-июлда айтты.
Азаттык.кж