«Садырдан башкага көмүр жок!». Кара-Кечеде нааразычылык башталды
06-бештин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваСадыр Жапаров Кара-Кече көмүрү 3 000 сомдон сатыларын убадалап, көмүр ушул баа менен бериле баштаган. Бирок арзан көмүр аз-аздан келип, кезекке тургандар көбөйгөн. Сатуучулар арзан көмүр алууну каалагандар 10 күн эрте кезекке туруп, тизмеге жазылышы керектигин эскертишкен.
Көп өтпөй, Кара-Кечеден Бишкекке көмүр вагон менен ташылып келе баштаганын буга чейин «Кыргыз көмүр» ишканасынан маалымдашкан.
Ал эми Кара-Кеченин өзүндө нааразычылык жаралып, көмүр ташыгандарга көмүр берилбей жатканын айтышты. Бул тууралуу видео Алмазбек Мамыралиев тарабынан интернетке жүктөлгөн. Андай айтылгандай, көмүр кени 15 күнгө жабылганына наарызы болуп, президент Садыр Жапаровдун аты аталды:
«15-декабрьга чейин көмүр берилбейт деп жатышат. Биз чогулуп наарызычылык билдирип жатабыз, «жапсаңар толук жапкыла же жаппагыла» деп. Садырга жүктөйбүз, силерге жок деп жатат. Ошонун айынан ызы-чуу болуп жатат. Эмне кыларыбызды билбейбиз…»
Бугай чейин журналист Ыдырыс Исаков атайын иликтөө даярдап, жергиликтүү айдоочулардын оор түйшүктөрүн, өлкө башчылардын шалаакылыгы жөнүндө чагылдырып берген.