Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев коронавирус илдетинен жабыркап, дарыланууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган министрликтен билдиришкен.

“Министрдин үч күндөн бери абалы начарлап, дене табы түшпөй ооруду. Учурда абалы бир аз жакшырды. Ал азыркы тапта өлкөдө эмес” деп билдиришти мекемеден.