Руслан Казакбаевди кетирип, бийлик уттубу, же уттурдубу?
25-чын куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева“Руслан Казакбаев тышкы иштер министри кызматынан кетти” деген кабар ТАСС баш болгон кабар агенттиктери аркылуу бүткүл дүйнөгө желдей тарады. Бир жарым жылдан бери өлкөнүн тышкы саясатын жогорку деңгээлде жүргүзүп келаткан, дасыккан министрин кызматтан алуу менен бийлик уттубу, же уттурдубу (?), аны мезгил өзү таразалайт.
Кыргызстан үчүн эң кыйын учурда Руслан Казакбаев тышкы иштер министри кызматына келди. 2020-жылы алыскы чет өлкөлөрдү айтпаганда да, жакынкы кошуналар менен да мамиле салкын болуп, бир жагынан капыстан болгон октябрь окуяларынан кийин бүт дүйнө “Кыргызстан укук талаасынан чыкса, кандай болот?” деп сынап карап турган мезгилде тажрыйбалуу дипломат Руслан Казакбаевдин министр болуп дайындалышы эң туура чечим болгон. Тополоңдон кийинки оор учурда министр Кыргызстан кол коюлган эл аралык келишимдердин баардыгы аткарыла тургандыгын, чет өлкөлүк инвесторлордун укуктары корголорун ачык айткан билдирүүнү жарыялаган. Бул алардын коопсуздугун гарантиялаган билдирүү болгон. Андан кийин Россия, Кытай сыяктуу стратегиялык өнөктөш өлкөлөрдүн элчилерин кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абалды турукташтырууга умтулган. Ал октябрь окуяларынан кийин өлкөдөгү абалдын стабилдешүүсүнө чоң салымын кошкон. Ошондон кийин кошуна өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелер жолго коюлуп, тез арада Садыр Жапаровдун расмий иш сапарлары адегенде Россияга, андан кийин Казакстан, Өзбекстан, Турция, Тажикстан, Түркмөнстанга жогорку деңгээлде уюштурулган. Алешем жүргүзүлгөн тышкы саясаттын кесепетинен президент С.Жээнбеков үч жылда мындай натыйжалуу иш сапарларына чыга алган эмес, Россия болсо, ковидди шылтоолоп кабыл албай койгон. Ал эми Руслан Казакбаевдин көсөм жүргүзгөн көп векторлуу тышкы саясатынын натыйжасында ажонун иш сапарлары натыйжалуу уюштурулуп, алыскы, жакынкы чет өлкөлөр менен соода-экономикалык, маданий—гуманитардык байланыштар бекемделип, өлкө үчүн пайдалуу келишимдерге кол коюлуп, 2021-жылы Кыргызстанда ИДП 5 пайызга өсүш жасаган.
Руслан Казакбаев Кыргызстандын имиджин эл аралык саясатта бийик деңгээлге көтөргөн күчтүү тышкы иштер министри катары эл аралык аброй күтүп, аты алыска, даңкы далайга жетти. Соңку Кыргызстандын саясый тарыхында ал өзгөчө орунду ээлейт. Анткени Р.Казакбаев дипломатиядагы көп жылдык тажрыйбасын, терең билимин өлкөнүн тышкы саясатын бекемдөөгө арнап, “оор салмактагы” чоң саясатчы катары каруусун казык, канын азык кылып иштеп, элине ак кызмат кылуунун бийик үлгүсүн көрсөттү.
Аскар Медетов