Равшан Жээнбеков: СИЗО-1ге камалуу үчүн өзүм акча төлөдүм
24-баш оона, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваАбактагы саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1ге камалуу үчүн өзү акча төлөгөнүн билдирди.
Анын айтымында, ал убактылуу кармооч жайдан Бишкек шаарынын тергөө абагына которулган.
“Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайынан СИГО-1ге которулуу үчүн акча төлөйбүз. Башкача айтканда, камалуу үчүн да акча төлөйбүз. Бишкектеги СИЗО-1де чач кыскартуучу жай жана спортзал ачылыптыр”,-деп Жээнбеков Фейсбук баракчасына билдирүү калтырган.