Президент Астанада ШКУ мамлекет башчылары менен жолугушат

Президент Астанада ШКУ мамлекет башчылары менен жолугушат

09-кулжа, 2017-ж // //

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 8-июнда жумушча сапар менен Казакстан Республикасынын борбору Астанага учуп келди.
Визит учурунда Президент Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышып жаткан мамлекет башчылары менен бирге «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнүн ачылыш салтанатына катышат.
Темирлан КЕЛДИБЕКОВ
Булак: «Кыргызтаймс»