Премьер- министр кызматынан кетти
18-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваГрузиянын премьер-министри Георгий Гахария оппозиция лидери, «Бириккен Улуттук Кыймылдын төрагасы Ника Мелиянын камакка алынышы боюнча команда менен пикир келишпестиктерден улам кызматтан кетерин жарыялады. Бул тууралуу Гахария брифинг учурунда билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
«Тилекке каршы, бул темада команда менен бир пикирге келе албагандыктан, мен өз ордумдан
кетүүнү чечтим», — деди ал.
«Бириккен Улуттук Кыймыл» партиясынын кеңсесинде Гахариянын чечими кубатталды.
Коом пресс