Ооганстандагы кыргыз элчилиги талиптер менен сүйлөшүүгө барды

Ооганстандагы кыргыз элчилиги талиптер менен сүйлөшүүгө барды

17-баш оона, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Кыргыз дипломаттары талиптер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Мирослав Ниязов жергиликтүү басылмаларга билдирген.

Маалыматта, элчилик ооганстандагы кыргыз жарандарын алып чыгып кетүү  максатында коопсуздук кепилин сураган. Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин коопсуздук кепили болорун талиптер ырасташкан. Учурда Ооганстанда 20 чукул жаран бар алардын баарынын учакка билети болгону менен ар кимисиники ар башка саатка белгиленген. Азыр алар Казакстандын элчилигинин коопсуздугунда турат.

Ал эми кичи Памирде жашаган этниккалык кыргыздар согуш учурунда конушун таштап көчүп кетишкен. Алар өз конушуна кайтып келишүүдө дейт.