Оогандыктар: «Бизге Кыргызстан жарандыгын берсин!»
18-баш оона, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваБишкек шаарында жайгашкан БУУнун өкүлчүлүгүнүн алдында ооган качкындарынын митинги болуп өттү. Алар кыргызстандын жарандыгын алып беришин же Америкага жиберишин талап кылышууда.
Ооганстандан келген Али Сарвара Мухаммада Наби жыйырма жылдан бери Кыргызстанда жашап келет. Анын айтымында алар кыргыз жараны болбосо жумуш табылбай жатканын билдирип жашап жаткан өлкө ага жарандыгын берилишин каалайт.
«Биз Кыргызстанда качкын статусу менен жашап келебиз. Бул документ менен жумушка орношуу оор. Бизге Кыргызстандын жараны деген расмий документ беришсин же Канада, Америка сыяктуу башка өлкөгө барууга уруксат бергиле деп келдик. Тилекке каршы алардын өкүлчүлүгүнүн бири да жолугушууга чыккан жок. Алардын түз байланыш телефондору да жооп бербей жатат», — дейт Али Сарвар Мухаммад Наби.