ОК АТЫШУУГА ШЕКТЕЛГЕН САРКАБАЕВ КЫЗМАТЫНА КЕЛДИБИ?
02-аяк оона, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваОш шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин мурунку төрагасы Кылычбек Саркарбаев кайра кызмат ордуна кайтты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.
Маалымтка ылайык, Кылычбек Саркарбаев август айында жумушуна кайтып, убактылуу жумушунан четтөө боюнча арыз жазды.
«Укук коргоо органдары аны буга чейин болуп өткөн окуяларда күнөөлүү деп тапкан жок. Анын ыйгарым укуктары 20-августта токтотулган. Анткени ал депутаттыкка аттанып жатыптыр. Бирок кайсыл партиядан аттанып жатканын билбейм», — деди Абсаттаров.
Мурда ал спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун ишине аралаштыгы бар делип, моралдык жоопкерчиликтен улам кызматынан четтетилген эле.
Спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу 22-сентябрь күнү эртең менен октон жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Андан соң сыныктар бөлүмүнө которулган.
«Бизге 22-сентябрь күнү эртең мененки саат 8:30да жабырлануучуну унаа менен алып келишкен. 29 жашта экен, Фуркат айылында жаракат алды деп айтышты, так билбейбиз. Анын жоон саны сынып кетиптир. Абалы оор болчу, себеби кан көп кетип калган. Алгачкы медициналык жардамды көрсөткөнбүз. Ок жоон санында калган эмес, кирип, кайра чыгып кеткен», — деп билдирген.
Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев массалык маалымат каражаттарындагы ок атуу боючна жергиликтүү сайттарга маек берген. Ал жаракат алган спортчу менен эч кандай жаңжалга барбагандыгын билдирген.
Эки спортчу тууралуу кыскача маалымат
Төлөгөн Рахманберди уулу Түштүк Кореяда өткөн ММА боюнча Азия чемпионатында коло медалга ээ болгон. Макаодо (Кытай) өткөн мелдеште дүйнө чемпиондугун багынткан.
Кылыч Саркарбаев Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетин жетектейт. Вале-тудо боюнча Азия жана Евразиянын чемпиону. Кикбоксинг, самбо жана күжүрмөн самбо боюнча спорт чебери.
ARGUMENT.KG