Нурлан Насиптин эжеси Элзада Насипбекова катуу талкууга алынды..
14-жетинин айы, 2019-ж // //Кыргызстандын мега жылдызы, көптөгөн кыздардын “жүрөк оорусу” Нурлан Насиптин эжеси Элзада Насипбекова алгачкы ырын жаздырып, ырчылыкка билек түрө киришти. Бул тууралуу Нурлан мырза “бир боорум, эжекем бүгүн ырдаганда аябай толкундандым. Дангыр жолуңуз бийик болсун. Баарыбыз сизди жакшы көрөбүз. Биз күткөн ырыбыздын жаралышы бүгүн студиядан бүтүп,эң биринчи жакшылыкта тушоосу кесилди”,- деп эжесинин ырдап жаткан видеосун жарыялаган.
Бул посттун алдында ырчы мырзанын колдонуучулары тарабынан түрдүү пикирлер жазылды. Катталуучулар бир ооздон жактырып, “Асель Кадырбковага караганда жакшы ырдайт экен”, “Насиптер деген тоб ачылат жакында”, “Ырдабай мурда кайда жүрдүңүз эле?”, “Келечектеги Эл артисти”… Айтоор көрчүлүк Элзада айымга ийгиликтерди каалап, чыгармачылыктагы тушоосун кесүүчү ыры коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды.