Ноокаттан катталган бейтаптар ажыдан келген аял кишилер

Ноокаттан катталган бейтаптар ажыдан келген аял кишилер

20-жалган куран, 2020-ж // //

Ноокат районунан карантинге алынган бейтаптар аял кишилер . Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын жыйынында депутат Алтынбек Сулаймановдун жугуштуу илдет жаңы аныкталган үч кыргызстандыктын тек-жайы тууралуу суроосуна жооп берип жатып вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди:
«Бул айымдар Кувейттен Ошко учак менен келген. Үч айым эки айылдан экен. Азыр акимдин буйругу менен Ноокатта өзгөчө абал киргизилди. Бардык чаралар көрүлүп жатат. Ал жарандар умрага барып, эки рейс менен келишкен».
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында  алар 67, 71 жана 77 жашта.
18-мартта Сузак районунда, 20-мартта Ноокатта өзгөчө абал жарыяланды.