Назира Айтбекова: «Ажырашканыма беш жыл болгон эримди дагы эле ойлоп, “Жылуу кийинди бекен? Оорубай аман жүрөбү?-дейм”»

Назира Айтбекова: «Ажырашканыма беш жыл болгон эримди дагы эле ойлоп, “Жылуу кийинди бекен? Оорубай аман жүрөбү?-дейм”»

17-жалган куран, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Назира Айтбекова аялзатынын натурасы кандай боло турганын ачык жазып келет Бул жолу канчалык эрктүү, эркин болсо да аялды кармап турган түпкүрдөгү сезимдерден чыгуу кыйындыгын жазып чыкты. Чындыгында аялзаты бул окулуп бүтпөгөн китеп эмеспи.

“Өзүмдү иликтеп отуруп, бир нерсени байкадым. Байыгандан, жакшы жашоодо жашагандан , жада калса жакшы көйнөк алып, жакшы машина айдап, жакшыраак тамак жегенден жазганам десең! Кадимкидей бирөөнүн акысын жегендей, ашыкчасынын мага тиешеси жоктой, адалы жок арамы көп иш жасагандай жалтанам. Жакшы тамак жеп атсам, дароо оюма апам менен балам түшөт экен. Тамагыма тыгылып, уурдап жеп аткан мышыктай ыңгайсызмын го! Жакшы жакта жүрсөм да дал ошондой. Кызды кырк үйдөн тыйып чоңойткондой, жан дүйнөмдөгү кичинекей Назираны да тыйып, капаска бөлөп, “болбойттор” менен багат экенмин. Акча тапсам, акыркы калдыгына чейин эриме берчүмүн илгери . Андан кийин, шыпкалап, чып чыргасын калтырбай апама берип жүрүп көнүп алып, акчаны коротконду , колдонгонду билбейм. Мурун эмгек акымды сурагандан уялып, “Өзү берсе керек” деп кетип калчумун. Азыр аябай жакшы үйрөнүп, ал тургай талап кылып, баасын коюп , өзүнчө эле кыйын болгонсуп баратам! Жети жылдан бери айдаган унаамды алмаштырганга дух жетпей жүрөт. Жаңысы жарашпай калчудай, кыйналам. Он жылдык көйнөктөрүмдү өрттөп, атам замандан калган телефондордон кутулуш керек эле! Аны айтасыңар, ажырашканыма беш жыл болгон эримди дагы эле ойлоп, “Жылуу кийинди бекен? Оорубай аман жүрөбү?” деген Жер жүзүндө жалгыз аял мен болсом керек! Гиннеске киргизе көргүлө! Бүгүн эскиликтен кутула албай, эскинин торунда жүргөнүмө кейидим. Унаамдын алдыңкы бампери түшөйүн деп калыптыр. Күчү бар эркек тагып бербесе.. Кыйшайтып алып араң айдап келдим. Тамакты ырахаттанып жей албай, маңдай терим менен алган айлыгымды ырааттуу көйнөккө жумшай албай, тапкан — ташыганымдын баарын жакындарыма чаптай берген өзүмө нааразы болдум! Кыялданайын дейм ал тургай кыялдагы үйүм да бир бөлмөлүү! Үч бөлмөлүү үй сурасам бирөө айыптачудай. Кыскасы, жакшы жашоону ыраа көрүп, өзүмө пейилди кенен салып, өзгөрүш керек болуп атат! Өтө эле , обу жок эле жупуну боло бербей! Жакшы жашоого татыктуумун да ээ? Өзүңдү сүйүү деген ошол да! Муну “Осознание” дейт. Өзүмдү сырттан, ичтен карап, тааныганга аракет кылып жатам”-дейт Назира.